2021-жылдын 11-ноябрында кыргыз тили жана адабият мугалимдери үчүн ” Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана жогорулатуу” деген темада семинар өткөрүлдү. Бул семинарды мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Мусуралиева Н.Н. өттү. Азыркы кезде сүйлөө речин гана өстүрбөстөн, сабаттуулугуна да көңүл буруп, кандай ыкмаларды колдонуу аркылуу бул маселени чечсе болот экенин, слайд аркылуу көрсөтмөлүү, жеткиликтүү түшүндүрдү.
Комментарии