Diamond CUP OSH
2024-жылдын 1-2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында көркөм гимнастика боюнча республикалык “Diamond CUP OSH” турнири болуп өттү.
Талыкпаган машыгуунун жана өжөрлүктүн натыйжасында көркөм гимнастика боюнча машыктыруучу Лола Набиевна Исаеванын шакирттери биринчи орунду жана бир экинчи орунду жеңип алышып, жеңүүчүлөрүбүз үчүн чоң жетишкендик болду.
Жеке программа. 5-класстын окуучусу Дүйшөбекова Самая 2-орунга ээ болду. 7-класстын окуучусу Пирматова Амина 1-орунду ээледи.
Келечектеги чемпиондорубузду куттуктайбыз!
Комментарии