Мектептер 2030 “Глобалдык Форум”
Бишкек шаарында 4 күнгө чейинки убакытты камтыды, андан ары 5 – күнү Ысык Көл жээгинде уланды,чет өлкөлүк мугалимдерге кыргыз жеринин кереметин, улуттук баалуулуктарды көрсөтүү менен узаттык.
Мектептер -2030 долбоорунун алкагында дүйнөлүк форум болуп,анда дүйнөнүн 36 мамлекетинен агартуу илиминде эмгектенген адистердин катышуусунда болуп өттү.Ага #66 ГОТК нын башталгыч класстардын мугалими Кайкиева Гүлжамал Сайдалыевна долбоор учурунда мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендиктен ардактуу конок катары катышып, дүйнөнүн мугалимдери менен тажрыйба алмашуу болду.Форум учурунда климаттык өзгөрүүлөрдүн алдын алуу максатында иш алып барып жатышкандыгын, дүйнө жүзүндөгү мугалимдери да биз иштеген багытта иш алып барып жатышкандыгына ынандым.
Мен абдан таасирленгеним,окууга ,билим алууга мүмкүнчүлүк аз болгон континентте ,класста 160 таң окуучу окуган Уганда өлкөсүнүн мугалимдеринин эмгегин,иштөө ыкмасынын ар тараптуулугун көрүп педагогикалык дем ,күч алдым
Бишкек шаарынан 4 мектептин мугалимдери катышууга мүмкүнчүлүк алган
Анда 3 жылдык прототиптердин көргөзмөсү коюлду.
Комментарии