Биздин мектепте спорттук иш-чара!
Биздин мектепте мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына жана Кыргызстандын Кара-Кыргыз автономиялуу облусу болуп түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.
Бул иш-чаранын максаты: Кыргызстандын тарыхы, кыргыз элинин руханий, адеп-ахлактык жана салттуу маданияты менен тааныштыруу жана билимдерин бекемдөө; негизги кыймыл сапаттарын (күч, шамдагайлык, чыдамкайлык ж.б.) өнүктүрүүгө көмөктөшүү; ден соолукту чыңдоо.
Тогуз коргоол, Аркан тартыш, Ордо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Мелдеште жигиттер өз ара жардамдашуу, токтоолук, колдоо жана дилгирлик менен бардык өнөрлөрүн колдонууга аракет кылышты. Команданын жеңишке жетиши үчүн дал ушул ыкмалар жана сапаттар керек.
Он биринчи жана тогузунчу класстар арасындагы ордо боюнча мелдеште жогорку класстын окуучулары 20:5 эсебинде жеңишке жетишти.
Тогуз коргоол боюнча 9-10-класстар катышты. Тогузунчу класстын окуучулары жеңишке жетишти.
Аркан тартышта бешинчи «А» классынын балдары жеңишке жетишсе, 7-класстын кыздары 7- «З» классынын балдарынан күчтүүрөөк болду.
Таяк тартышта 11 «Ф» классынан С.Сууханованы жана 10 «Ф» классынан Н.Сатаркуловду жеңип алышты!
Бардык катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана аларга мектептин спорттук жашоосунда мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!
Комментарии