Улуттук Адабият күнүнө карата өткөрүлгөн ” Айтматов менен кездешүү” райондук, шаардык кароо-сынак.
Улуттук Адабият күнүнө карата өткөрүлгөн ” Айтматов менен кездешүү” райондук
кароо-сынагына биздин N66 гимназия -окуу- тарбия комплексинен 6-з классынын окуучусу Отунчиев Элтан , Ч. Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынан Нургазынын монологун, даярдаган кыргыз тили мугалими Сыртбай кызы Бермет жана Мамет кызы Айсулу, 11-в классынын окуучусу Сыдыкова Назик, “Саманчынын жолу” чыгармасынан Толгонайдын монологун, даярдаган кыргыз тили мугалими Айдаралиева М.О., 7-е классынын окуучусу Жумабекова Карина “Кылым карытар бир күн” чыгармасынан Найман эненин монологун, даярдаган кыргыз тили мугалими Талантбекова Н.Т., 9-е классынын окуучусу Арзыгулова Мариям “Ак кеме” чыгармасынан Бугу эненин монологун аткарышты, даярдаган тарых мугалими Алышпаева К.С. Жалпы бардык балдарды драмкружоктун жетекчиси Касымбеков Ильич Тезекбекович жогорку деңгээлде даярдады.
Шаардык сынакта 11-в классынын окуучусу Сыдыкова Назик 2-орунду ээледи.
Назикти жеңиши менен куттуктайбыз. Бул кызыбызды даярдаган мугалимдерге, кружоктун жетекчисине ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии