Райондук конкурс ” Жоокер ыры”
2024-жылдын 16-апрель күнү Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгына караштуу №4 мектеп-гимназиясынын базасында аскердик-атуулдук ырлар боюнча райондук “Жоокер ыры -2024” конкурсу өткөрүлдү.
Конкурска жалпысынан 23 мектептин окуучулары катышышты. Биздин #66 мектеп – гимназиябыздан 3 окуучу катышып,анын экөөсү, т.а
Зулпуева Асель 9-ж классынын окуучусу “Согуш жылдарындагы ырлар” боюнча 2-орунду алса, 8-д классынын окуучусу Максутов Анас “Көркөм окуу” боюнча 2- орунду багындырып келди.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөрүбүз конкурстун жакында боло турган шаардык этабына катышышат.
Ошондуктан, аларга ийгиликтерди каалайбыз жана райондун намысын татыктуу коргоп келет деген ишеничтебиз.
Ошондой эле бүгүнкү “Жоокер ыры” конкурсуна окуучуларды даярдоого жардам берген жалпы эле мектеп администрациясына, Майрам Казаковна баштаган командага, Касымбеков Ильич агайыбызга жана катышкан окуучулардын класс жетекчилерине, ата- энелерине терең ыраазычылык билдиребиз. Жеңишибиз кут болсун!🥳🥳
Комментарии