3- март Туу күнү. 5- март Ак калпак күнү.
Бишкек шаарынын Свердлов районунун #66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” гимназия -окуу тарбия комплексинде 3-март Кыргыз республикасынын Туу күнү жана Улуттук баш кийими болгон Ак калпак күнү белгиленди. Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз республикасынын гимни жаңырып Кыргыз республикасынын Туусу көтөрүлдү. Окуучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Комуз күүлөрү чертилип, патриоттук ырларды аткарылып, ошондой эле улуттук бий өнөрлөрүн тартуулашты. Ар дайым туубуз желбиреп, ак калпагыбыз башыбыздан түшпөй урпактан-урпакка улана берели.
Комментарии