“Эко дос”
Долбоордун март, апрель айындагы пландалган иш чарага ылайык,4-9- класстардын арасында “эко дос” аттуу акция өттү,ал акцияда, макулатураны чогултуп кайра иштетүүчү мекемелерге тапшырып,мектептин ички бакчасын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө,жалпы окуучулары акцияга кызыгуу менен катышышты . Макулатура тапшыруудан түшкөн акча каражаттарын ,бакчага керектүү буюмдарды сатып алып, эсеп – кысап, кылып, ашыкча чыгым болгон жок.Долбоорлору окуучулар бакчаны көрктөндүрүү,экология үчүн кам көрүү максатында жерди геометриялык фигуралар формасында казып, гүлдүн түрлөрүн отургузуп,бакчаны эс алуу аянтчасына айлантышты.Демек, окуучулар финансылык сабаттуулукту колдонуу эрежелери менен,өлчөө,ченөө аркылуу, экологияны сактоо, коргоого боло тургандыгын Бул акцияны дизайн команданын мүчөсү Кайкиева Гүлжамал Сайдалыевна,Маликова Дамира Ниязбековна жетектеп, ийгиликтүү,максаттуу иш алып барышууда,андан сырткары предметтик мугалимдер,класс жетекчилер кызыгуу менен , активдүүлүгүн көрсөтүүдө.Ап бир ишти колдоп, салымын кошту.
Комментарии