Лейтенант Сулайманов Мухтарбек Мырзакеевич
Лейтенант Сулайманов Мухтарбек Мырзакеевич 2022- жылдын сентябрында болгон Баткен жергесиндеги куралдуу кагылышууда мамлекеттик чек араны коргоодо аскердик антына бекем тутуп баатырларча курман болгон. Айта кетчү нерсе Сулайманов Мухтарбек Мырзакеевич дал ушул Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №66 ” Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” гимназия -окуу тарбия комплексинде билим алган. Мектепте атайын багыттагы ” Бөрү” аскердик тобу тарабынан аскерге чейинки даярдык кабинети ачылып Сулайманов Мухтарбек Мырзакеевич баатырдын атынан коюлду.Баатырдын кылган эрдиги эч качан унутулбайт!
Комментарии