“Жүрөгүм менин балдарда” аттуу конкурсу
Райондук ” Жүрөгүм менин балдарда” аттуу конкурс, ” Мыкты мугалим”, “Мыкты класс жетекчи”, ” Мыкты жаш мугалим ” номинацияларында биздин N 66 ГОТКда өттү. Гимназия конкурстун катышуучуларына бардык шарттарды түзүп, жогорку деңгээлде өткөрдү.
Райондук “Жүрөгүм менин балдарда” конкурсунун ” , Мыкты мугалим” номинациясына биздин гимназиядан баштапкы классынын мугалими Бозунбаева Гулзат Эркинбековна катышып, 3-орунду ээледи.
Райондук “Жүрөгүм менин балдарда” конкурсунун ” , Мыкты класс жетекчи” номинациясына биздин гимназиядан математика мугалими Укеева Жаркын Сабырбековна катышып, 2-орунду ээледи. Андан ары шаардык конкурсуна катышып, 3-орунду ээледи.
Райондук “Жүрөгүм менин балдарда” конкурсунун сыйлоо аземи болуп өттү. Бозунбаева Гулзат Эркинбековна 3-орунду , Укеева Жаркын Сабырбековна 2-орунду ээлегени үчүн ардак грамоталары жана уюлдук телефондор менен сыйланышты.
Ал эми шаардык ” Жүрөгүм менин балдарда” конкурсунун сыйлоо аземинде Укеева Жаркын Сабырбековнага 3-орунду ээлегени үчүн 80000 сомдук сертификат тапшырылды.
Комментарии